Башкы беткеСаясат жана коомКоомКасым-Жомарт Токаевдин атасынын ысымы Бишкектеги мектепке ыйгарылды

Касым-Жомарт Токаевдин атасынын ысымы Бишкектеги мектепке ыйгарылды

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин ысымы Бишкектеги мектеп-гимназияга ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев маалымдады.
Кемел Токаев 1923-жыл 2-октябрь Алматы облусунун Каратал районундагы туулган.
Казак жазуучусу, казак прозасындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү.
Коллективдештирүү жылдарында жана ага удаа келген ачарчылык маалында Кемел Токаевдин үй-бүлөсү өз мекенин таштап, журт которууга аргасыз болгон; бир нече жыл Фрунзе шаарында жашаган. Бул жерде Кемел Токаев ата-энесинен, жакындарынан ажырады. Жетим балдар үйүндө тарбияланган.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тагдыр Кемел Токаевди экинчи жолу Кыргызстанга алып келди. Ал Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер мектебинде (азыркы 33 — мектеп-гимназияда) билим алып, ушул жерден фронтко чакырылган.
Согуштагы эрдиги үчүн «Советтер Союзунун Баатыры» наамына көрсөтүлгөн. Бирок ал наам эмнегедир ыйгарылган эмес.
Жакында президент Касым-Жомарт Токаев 33 — мектеп-гимназияга автобус белек кылды. Автобус согуштун баатырларын эскерип, атасы окуган мектепке сый-урмат катары берилди. Ошондой эле мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн Алматыдагы Сатпаев университетинде акысыз окууга үч орун бериле турганы белгилүү болду.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар