whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧечейбаевге Диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берилди

Чечейбаевге Диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берилди

Президент Садыр Жапаров 8-майда Республикалык диагностикалык борборго күтүүсүз барып, мекемедеги шарттардын начардыгына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш жарыялады.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, Жапаров чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жаткан борбордо жүрөк оорусунан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканын жана операция башталгандан бери үч бала каза болгонун белгиледи.

Чет элдик дарыгерлер борбордо сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришкен. Диагностика эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлүп, толук кандуу стерилизациялык бөлмө жок, жабдыктар башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилип, бейтаптарды инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда.

Президент Жапаров министр Чечейбаевге эки күн ичинде керектүү жабдыктарды камсыздоону жана көйгөйлөрдү жоюуну тапшырды. Ошондой эле, министрге сөгүш жарыялап, анын шалаакылыгын жана жоопкерчиликсиздигин кескин сынга алды.

Белгилей кетсек, Эркин Чечейбаев быйыл февралда Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар