Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Москвада Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышат

Садыр Жапаров Москвада Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышат

Президенти Садыр Жапаров 9-майда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарында жүрөт.

Мамлекет башчы 8-май күнү «Внуково-2» эл аралык аэропортуна келип конгон. Аны Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алган.

Президент Садыр Жапаровго 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн «Кызыл Кыргызстан» жана «Правда» гезиттеринин Улуу Жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр басылган тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылды.

Эске сала кетсек, бүгүн, 9-майда, Садыр Жапаров башка мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары менен бирге Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүп жаткан юбилейлик Жеңиш парадына катышууда.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар