2025-жылдан тартып агросекторду колдоо кеңейип, дыйкан-фермерлерге жана ишкерлерге 5 мамлекеттик программа аркылуу жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Алардын катарына «Айыл чарбасын каржылоо – ФСХ-13», АӨКтү кредиттөө, ФОТП, асыл тукум жана үрөнчүлүк долбоорлору кирет.
Жылга каралган 12 млрд 242 млн сомдун 11 млрд 369 млн сому өздөштүрүлүп, каржылоонун аткарылышы 92,8 пайызды түздү. «Айыл чарбасын каржылоо-13» программасы 100 пайызга, ал эми агроөнөржай комплексин кредиттөө программасы 166 пайызга аткарылды.
Ошондой эле мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 12 ири долбоор ишке ашырылып, 6 млрд 502 млн сом өздөштүрүлдү. Бул көрсөткүчтөр агрардык сектордун туруктуу өнүгүп жатканын көрсөтөт.

