Иран өкмөтү АКШ жана Израилге каршы «улуттук каршылык» учурунда каза болгондорго байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы билдирди.
Бийликтин маалыматына караганда, нааразычылык акцияларын таркатуу маалында 38 укук коргоо кызматкери каза болгон. Иран президенти Масуд Пезешкиан жарандарды улуттук каршылык маршысына катышууга чакырып, зомбулукту айыптады. Ал өлкөдөгү баш аламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди күнөөлөдү.
Иранда нааразычылык акциялары 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валютанын кунун түшүшү жана баалардын кескин өсүшүнө байланыштуу башталган. Демонстранттар саясий режимди алмаштырууну талап кылышууда. Укук коргоо уюмдарынын маалыматына ылайык, нааразылыктар башталгандан бери кеминде 538 адам каза болуп, 10,6 миңден ашуун киши камакка алынган. Өлкөдө интернет үч суткадан ашуун убакыттан бери өчүрүлгөн.


