Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья АКШны Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорести мыйзамсыз кармоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы X баракчасына жазды.
Анын айтымында, Мадуро жубайы менен сегиз күндөн бери мыйзамсыз кармалып турат. Министр АКШ бийлигинен Венесуэла президентинин иммунитетин урматтоону, соттук жана медиа кысымды токтотууну, ошондой эле анын коопсуздугун камсыздоону талап кылды.
Ошондой эле ал эл аралык коомчулукту эл аралык укукту, адилеттүүлүктү жана Николас Мадуро менен анын жубайынын укуктарын коргоо үчүн бул талапка кошулууга чакырды.


