Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЕвропанын беш өлкөсү «Евровидение-2026» сынагына байкот бериши мүмкүн

Европанын беш өлкөсү «Евровидение-2026» сынагына байкот бериши мүмкүн

«Евровидение-2026» сынагына Израиль катышса, анда Испания өлкөсү катышуудан баш тартат. Мындай маалыматты Испаниянын мамлекеттик телерадиокорпорациясы RTVE таркатты.

RTVEнин директорлор кеңеши президент Хосе Пабло Лопестин демилгесин карап чыгып, 15 мүчөнүн 10у колдоп берди.

Лопес буга чейин EBUга кайрылып, Испаниядагы жарандык коомдун Газа секторундагы кырдаалга байланыштуу тынчсызданууларын жана Израилдин катышуусун кайра кароону сунуштаган.

EBU болсо буга чейин «Евровидениени саясий жактан нейтралдуу конкурс» деп атап, Израилди чыгаруу пландары жок экенин билдирген.

Испания ушундай чечим кабыл алган бешинчи өлкө болуп калды. Мунун алдында Нидерландия, Словения, Исландия жана Ирландия Израил катышса, конкурс өткөрүүгө бойкот жарыяларын билдиришкен.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар