Кечээ, 16-мартта Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлү Жусубали Торомаматов жана Чэнду шаарынын Коммерция бюросунун директорунун орун басары Ли Юйпин менен сүйлөшүүлөр өттү.
Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан менен Сычуань провинциясынын борбору болгон Чэнду шаарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү болду. Тараптар товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана кыргыз продукциясын Кытай рыногуна илгерилетүү үчүн жаңы аянтчаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жусубали Торомаматов кытай тарапка Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берип, Бишкек – Чэнду – Бишкек багыты боюнча түз авиакаттам ачуу туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Чэнду шаарында Кыргызстандын Соода үйүн жана Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн биргелешип иштеп чыгууга макулдашты.
Пландалып жаткан жаңы аянтчалар жыл бою иштеп, Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза продукциялар үчүн көргөзмө жана соода борбору катары кызмат кылмакчы. Алар аркылуу кытай рыногуна товарларды чыгаруу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды кеңейтүү көздөлүүдө.
Бул демилге Кыргызстан менен Сычуань аймагынын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдап, кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деп күтүлүүдө.


