Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде 2026-жылдын 14-мартында Кувейт, Бахрейн жана Катар мамлекеттеринен атайын уюштурулган төртүнчү эвакуациялык авиарейс аркылуу Кыргызстандын 142 жараны аман-эсен мекенине кайтарылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн көмөктүн негизинде дагы 24 жаран Стамбул аркылуу учуп келип, Кыргызстанга кайтып келишти.
Буга чейин маалымдалгандай, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу аталган аймакта болжол менен 22 миңдей кыргызстандык жүргөн. Ушуга байланыштуу мамлекет башчысы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды эвакуациялоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырган.
Министрлик тарабынан коопсуздукту камсыз кылуу, жарандарга ыкчам маалымат берүү жана аларды аймактан чыгарып кетүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.
Жалпысынан 5 атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурулуп, алардын жардамы менен Эр-Рияд, Дубай жана Катар, Кувейт, Бахрейн мамлекеттеринен 592 кыргызстандык мекенине кайтарылды.
Мындан сырткары, кадимки авиакаттамдар аркылуу өз алдынча кайтып келген жарандардын саны 3000ден ашты.
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жүргөн жарандарды мүмкүн болушунча жакынкы убакытта жеткиликтүү каттамдар менен мекенине кайтууну карап чыгууга жана кырдаал толук турукташканга чейин бул аймакка сапарларды убактылуу токтотуп турууга чакырат.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга кайтуу үчүн негизги транзиттик пункттар катары Эр-Рияд жана Жидда шаарлары каралууда. Жарандар коңшу өлкөлөрдөн Сауд Арабиясына жетип, андан ары Бишкекке учуп келе алышат.
Министрлик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын укуктарын коргоо мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы бойдон каларын белгиледи.

