whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМамлекеттик ипотекалык компания үйлөрдү тапшырды

Мамлекеттик ипотекалык компания үйлөрдү тапшырды

Өткөн жуманын соңунда Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарынын Калый Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдү кезекте турган жарандарга тапшырды. Аталган үй 225 батирден туруп, жалпы аянты – 13 798,8 чарчы метрди түзөт. Бир бөлмөлүү батир  — 90 даана, эки бөлмөлүү — 90, ал эми үч бөлмөлүү — 45 батир. Атайын ыңгайлуу жашоо комплекси өзүнчө ысытуу системасы менен жабдылган, жашоочулардын турак жай комплекси өз алдынча ысытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, башка ысытуу системаларынан көз каранды болбойт.

Жарандарга ачкычтарды тапшыруу салтанатына өлкө башчысы
Садыр Жапаров катышып, МИК аркылуу үй алып жаткан жарандарды куттуктады.

“Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатат. Бул чоң пландар жарандардын үй-жай маселелерин чечүүгө багытталган иштин бир бөлүгү гана. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, биягы Кара-Балтадан Токмокко карай үйлөрдүн салынышы кызуу жүрүүдө”, – деди Садыр Жапаров.

Президент жарандарды турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин эң башкы жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи.

“Бүгүн биз жөн гана көп кабаттуу үйлөрдүн бүткөрүлүшүнө күбө болбостон, мамлекет жүргүзүп жаткан турак жай саясатынын иш жүзүндөгү жыйынтыктарын, үзүрүн көрүп жатабыз. Бул заманбап жана ыңгайлуу көп кабаттуу үй “Менин үйүм” программасынын алкагындагы дагы бир чоң ийгилик”, – деди өлкө жетекчиси.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчы үй алуу үчүн 4 жыл кезекте турган Бишкек шаарынын тургуну, үч баланын энеси – Астра Асанакуновага жаңы батирдин ачкычын тапшырды.

Андан соң президент Садыр Жапаров жаңы батирлерди көрүп чыкты жана жаңы конуш ээлери менен баарлашып, аларга жаңы үйлөрү кубаныч менен бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлүк очок болушун каалады.

Биз Ипотекалык компания аркылуу 4, 8 пайыз-дык чен менен жана 50 пайызын төлөп үй алган жарандарды куттуктап, азыноолак сөзгө тарттык.

Акыркы 7 жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеп жаткан Айдана Абдувалиева кезеги жетип, үйлүү болуп жатканына кубанып турганын айтты.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 7 жылдан бери иштейм. 2020-жылы МИКке кезекке тургам. Кезегим жетип, 4 пайыздык чен менен ушул жерден 10-кабаттан 2 бөлмөлүү батир алдым. Жалпы кезеги жеткендер чүчүкулак тартыштык, анын негизинде мага 10-кабаттан батир тийди. Эми өзүмдүн жеке менчик турак жайым болот деп абдан кубанып турам”, – деди ӨКМ кызматкери.

50 пайыз биринчи төлөмүн төлөп, 1 бөлмөлүү батир алган Актилек Ашырбаев жеке менчик курулуш компаниясына караганда шарттары жеңил экенине
токтолду.

“2024-жылы социалдык түйүндөр аркылуу МИКтен арзан насыя менен батир алса боло турганын көргөм. Дароо номерине чалып байланышып, толук маалымат алдым да, 50 пайызын төлөдүм. Менин чогулткан акчам 1 бөлмөлүү батирдин жарымына жетет экен. Андыктан мен ушул даректен 1 бөлмөлүү батирдин ээси болдум.

Жеке менчик компанияларга дагы кайрылып көрдүм, алардын суммасы биз үчүн өтө эле кымбаттык кылат экен. Өзүм базарда соода кылам. Бир үйгө жете тургандай акча чогултуу кыйын болгондуктан, МИКтин шарттары мага жакты. Ай сайын бөлүп, бөлүп төлөп кутулам”, – дейт 25 жашында үйлүү болгонуна кубанган Актилек.

Өзүн Самат деп тааныштырган жаран мамлекеттик жумушта иштейт. Ал буга чейин үй-бүлөсү менен батирде жашап келсе, эми минтип жеке турак жайдын ээси болгонуна сүйүнүп турган чагы.

“Кезегим жетип, бул жерден бир бөлмөлүү батирдин ээси болуп жаткан кезим. “Жеткиликтүү ипотека” долбоорунун алкагында 8 пайыздык чен менен алдым. Жарандарга батир алууда жеңилдетилген шарттарды түзүп бергени үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирем”, – деди ал.

Айтболот Айдосов да батир алгандардын бири. Ал дагы мамлекеттик кызматта иштейт.

“Өзүмдүн жеке менчик турак жайым буга чейин болгон эмес. Ошондуктан МИКке документтеримди тапшыргам. Үй-бүлөм, балдарым бар, бизге бул үй абдан керек болчу. Ипотекалык компаниянын кызматкерлери бизге кандай документтер керек экендигин түшүндүрүп беришти. Алардын кеңешин уккан соң, 50 пайызын төлөп батир алууну чечтик. Бизге бир нече варианттарды сунушташты, жубайым экөөбүз кеңешип, дал ушул жерден үй алууну чечтик. Үй 2025-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилет дешкен, бирок, курулуш иштери эрте бүтүп, мына июль айында үйлөр
тапшырылды.

Нурсултан Бейшенбек уулу Бишкек шаарынын мэриясында катардагы кызматкер болуп иштейт. Ал 2022-жылдын февраль айында кезекке турган.

“2022-жылы жалпы жарандар катары эле кезекке тургам. 3 жылда кезегим жетип батир алып жатам, карапайым калкка, анын ичинде мамлекеттик муниципалдык кызматта иштегендерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканы үчүн өлкө жетекчилигине абдан ыраазыбыз. Бул бизге окшогон жаш мамлекеттик муниципалдык кызматкерлер үчүн таза жана адилеттүү иштегенге чоң мотивация болот десем жаңылышпайм”, – деди.

Айгүл Оморалиева Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейт. Ал дагы кезеги келип, 2 бөлмөлүү батирдин ээси болуп турган чагы.

“Жеке менчик компаниялардан 30-50 пайызын берип батир алсаңар болот деген сунуштар буга чейин деле түшкөн. Бирок, мугалимдерде андай ири суммадагы акча жок экенин баары эле билет. 2022-жылы кезекке туруп койдук эле жакында эле МИКтен телефон чалышып, кезегим келгенин айтканда абдан кубандым”, – дейт агартуучу айым.

Султанбек Аманбек уулу, 
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар