Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятЧыңгыз Айтматовдун үй-музейи жаңыланат

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи жаңыланат

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкек шаарындагы үй-музейи жаңылоо иштерине даярдалууда. Бул тууралуу Ленин райондук муниципалдык администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун үй-музейдин аймагында көчмө жыйын өткөрүлүп, имаратты кайра калыбына келтирүү жана айланасын көрктөндүрүү маселелери жеринде талкууланды.

Жыйында музейдин имаратын оңдоо, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, заманбап сугаруу системасын орнотуу жана тышкы жарыктандырууну жаңылоо пландары каралды. Ошондой эле аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштар берилди.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга иштерди белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.

Гезит

Где искать спрос

Центральная Азия как рынок для Кыргызстана        Регион перестает быть периферией мировой экономики и все больше функционирует как самостоятельный рынок. Внутрирегиональная торговля растет, производственные связи...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар