Бүгүн Панфилов районун Кайыңды шаарында “Осмонкул Алиев “Эркин Тоо” гезитинин туңгуч редактору жана мамлекеттик ишмер” аталган илимий-практикалык конференция өтүүдө. Конференцияны Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы Ж.Баласагын атындагы КМУ менен биргеликте уюштурду. Конференцияда Осмонкул Алиевдин мамлекеттик ишмер, туңгуч редактор катары басып өткөн жолу, трагедиялуу тагдыры тууралуу кеңири сөз болмокчу.
Осмонкул Алиев Чүй облусунун Панфилов районунун Чолок-Арык айылында 2003-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Эгимбай алгач айылдык молдого берип, андан кийин (1913-жылы) Меркедеги орус-тузем мектебинен окутат. 1917-жылы Олуя-Ата (азыркы Тараз шаары) педогогикалык атайын окуу жайына өтүп окуусун улантат.
1919-1924-жылдары Ташкент шаарындагы Казак-Кыргыз агартуу институтунан окуйт. 1925-жылдын январь айында Кара-Кыргыз облусунун комсомолду уюштуруу бюросунун секретары болуп дайындалат. Башкача айтканда, Кыргызстан комсомолунун биринчи лидери болгон.
Осмонкул Алиев “Эркин – Тоо” гезитинин туңгуч редактору (1924-жылы 7-ноябры), 1926-жылдан чыга баштаган “Коммунист” журналынын редактору катары кыргыз журналистикасынын башатында турган. Айтмакчы, “Эркин Тоо” гезитине редактор болуп дайындалганда ал 21 гана жашта болгон. Бул Осмонкул Алиевдин жаштыгына карабай эрте жетилген, өз заманынын алдыңкы азаматтарынын сап башында тургандыгын көрсөтүп турат.
Кийин эки жолу Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссары болуп дайындалган. 1937-жылы камакка алынып, атылып кеткен. 1957-жылы акталган. Сөөгү репрессияда атылган 137 адамдын катарында Ата-Бейит мемориалдык комплекси көрүстөнүнө коюлган.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”
