Жаңы илимий иликтөөгө ылайык, канаттуулардын сайраганы адамдын психологиялык абалына чоң таасир этет. Европалык окумуштуулардын жаңы изилдөөсүнө ылайык, айлана-чөйрөдөгү канаттуулардын түрүнүн көптүгү жана алардын үнү адамдардын жашоого канааттануусуна кирешенин өсүшү сыяктуу эле деңгээлде таасир берет.
Изилдөөгө 26 европалык өлкөдөн 26 миң адам катышкан. Окумуштуулар алардын жашоо деңгээлин, кирешесин жана жашаган аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктү салыштырып көрүшкөн.
Жыйынтыгында, канаттуулардын түрү көбүрөөк болгон аймактарда жашаган адамдар өздөрүн бактылуураак сезери аныкталган. Мисалы, куштардын түрү 10 пайызга көбөйгөн аймактарда жашоого канааттануусу жогорулаган. Ал эми киреше 10 пайызга көбөйгөн учурда мындай таасир анчалык байкалган эмес.
Изилдөөдө башка факторлор — мисалы, жаныбарлардын, дарактардын түрлөрү да каралган. Бирок адамдардын бактылуулугуна түздөн-түз байланыш канаттууларга гана тиешелүү экени белгиленген.
Адистер муну куштардын сайраганы адамды тынчтандырып, стрессти азайтып, жаратылыш менен байланышты күчөтөрү менен түшүндүрүшөт. Ошол эле учурда бактылуулукка таасир эткен башка факторлор да бар экенин эскертишет.
Изилдөөнүн жыйынтыгы жаратылышка жакын болуу, айрыкча канаттуулар көп жашаган аймактарда эс алуу адамдын психологиялык абалын жакшыртууда маанилүү роль ойной турганын көрсөтөт.
