whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГиннесске кирбей калган дүйнөдөгү эң улгайган марафончу

Гиннесске кирбей калган дүйнөдөгү эң улгайган марафончу

114 жашка чыгып, дүйнөнүн эң улгайган марафончусу болуп таанылган Фауджа Сингх жол кырсыгынан көз жумду. Аны Индиянын Пенжаб штатындагы өз айылында унаа сүзүп кеткен.

Сингх жашоосундагы оор жоготуулардан кийин, тактап айтканда, жубайы менен уулу каза болгон соң, 89 жашында жүгүрө баштаган. Спортчу бул аркылуу депрессиядан чыгууну каалаган.

2011-жылы 100 жашында Торонто марафонун толук жүгүрүп бүткөн. Бирок анын жашын далилдеген расмий туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан, Гиннесс рекорддор китеби бул жетишкендикти тааныган эмес.

Фауджа Сингх спортко кеч кошулганына карабай, 13 жылдан ашык убакытта ондогон эл аралык марафонго катышып, жаштарга үлгү болгон. Ал акыркы жарышына 101 жашында чыгып, 10 км аралыкты 1 саат 32 мүнөт 28 секундда чуркап өтүп, жүгүрүүнү расмий түрдө токтоткон.

“Оор жоготуудан кийин жашоого болгон үмүтүмдү кайтарган жападан жалгыз нерсе — бул жүгүрүү . Эгер менин баяным кимдир бирөөгө дем болсо, анда жашаганым бекер эмес”, — деп айткан эле Сингх.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди аны “жаштардын спортко шыктандырган өзгөчө инсан” катары эскерди.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар