whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомШанхай кызматташтык уюму Бишкекте жаңы борборун ачат

Шанхай кызматташтык уюму Бишкекте жаңы борборун ачат

Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун жаңы борборлору ачылат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пекинде өткөн ШКУнун ТИМ жетекчилеринин отурумунан кийинки маалымат жыйында маалымдады.

Ал Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы иш алып барган ШКУнун түзүмү пайда болорун айтты. Андан сырткары, Ташкентте (аймактагы террорчулукка каршы борбордун негизинде) көйгөйлөргө жана кооптуулуктарга каршы күрөшүү максатындагы макулдашуулардын долбоору дээрлик даяр болуп калганын кошумчалады.

Андан сырткары, Дүйшөмбү шаарында ШКУнун баңгизаттарга каршы иштеген борборун түптөө иштери да соңуна чыгып бара жатканын белгиледи.

«Бул үч механизм реформадан кийин террордук коркунучтарга жана мыйзамсыз миграция менен байланышкан көйгөйлөргө каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деди Лавров.

 

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар