Башкы беткеМаанилүүК. Ташиев: "Чыныгы коррупционерди чоң кызматка коюп алгансыз!" (видео)

К. Ташиев: «Чыныгы коррупционерди чоң кызматка коюп алгансыз!» (видео)

Чыныгы коррупционерди чоң кызматка коюп алгансыз! Ташиев Бишкектин мэрин кадр тандоодо чабал экенин айтып, сындады.

УКМК төрагасы Пригородное айылын кыдырып, айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бакыт Шеримбеков паркты жасоого үч жыл катары менен тендер өткөрүп, үчөөндө тең акчасын жеп алганын айткан. Ташиев Бишкек мэри Жунушалиеге Шеримбековду кийин муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө башчы кылып дайындап койгонуна нааразы болгон.

«Сиз бирөөнү кызматка коёрдо карабайсызбы. Демек, кадр тандоодо тажрыйбаңыз жок экен. Тендер өткөрүп паркка деген акчаны жеп алган кишини чоң кызматка коюп койгонсуз. Парк боюнча эки кылмыш иши козголгон. Конкретный коррупционерди шаардын мүлкүн караган кызматка коюп алгансыз. Кадр тандоону билиш керек, кадр тандаганды билбегендин айынан мамлекет ушундай болуп жатат», — деген УКМК төрагасы.

Ташиев мурдагы айыл өкмөт башчысын ошол жерден эле камоону буйруган.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар