Башкы беткеЭл аралык мамилеТокиодо Кыргызстан менен Япония эмгек миграциясын кеңейтүүнү талкуулашты

Токиодо Кыргызстан менен Япония эмгек миграциясын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канатбек Сагынбаев Токиодогу иш сапарынын алкагында Япониянын саламаттык сактоо, эмгек жана жыргалчылык боюнча парламенттик вице-министри Масаюки Камия менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана калкты иш менен камсыз кылуу тармагындагы кыргыз-япон кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл “Токутэй гино” (Specified Skilled Worker) программасын ишке ашырууга, ошондой эле Япониянын эмгек рыногундагы суроо-талапка жараша кызматташтык багыттарын кеңейтүүгө бурулду.

Тараптар Кыргызстандын жарандары үчүн Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн конструктивдүү мүнөзү белгиленип, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даярдык билдирилди. Ошондой эле тиешелүү министрликтер ортосунда меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар