Башкы беткеЭл аралык мамилеВашингтондо Кыргызстандын санариптик өнүгүүсү талкууланды

Вашингтондо Кыргызстандын санариптик өнүгүүсү талкууланды

Вашингтон шаарында 2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында АКШнын алдыңкы технологиялык компаниялары менен жолугушууларды өткөрдү.

NVIDIA компаниясынын глобалдык жасалма интеллект демилгелери боюнча вице-президенти Калиста Редмонд менен жолугушууда Кыргызстанда AI технологияларын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Айрыкча мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана чоң маалыматтарды иштетүү үчүн жогорку өндүрүмдүү инфраструктураны кеңейтүүгө көңүл бурулду.

Касымалиев Редмондду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Мындан тышкары, Oracle корпорациясынын мамлекеттик органдар менен байланыштар боюнча улук вице-президенти Джош Питкок менен жолугушуу болуп, булуттук технологияларды жана мамлекеттик сектордо маалыматтарды башкаруунун заманбап системаларын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Касымалиев Кыргызстан санариптик трансформация багытында олуттуу жетишкендиктерге жетишкенин белгилеп, “Түндүк” платформасы аркылуу 170тен ашык мамлекеттик кызмат онлайн көрсөтүлүп жатканын айтты. Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар санариптик өнүгүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууну улантууга макулдашты.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар