Башкы беткеЭл аралык мамилеВашингтондо Кыргызстан менен АКШнын саясий консультациялары өттү

Вашингтондо Кыргызстан менен АКШнын саясий консультациялары өттү

Вашингтон шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурдун тең төрагалыгы алдында саясий консультациялар өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушууда тараптар саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле келечектеги кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды. Тараптар аймактык кызматташуунун маанисин белгилеп, Вашингтондо өткөн C5+1 саммитинин жана Бишкектеги B5+1 бизнес форумунун жыйынтыктарын жогору баалашты.

Мындан тышкары, көп тараптуу кызматташтык, анын ичинде C5+1 форматы, БУУ жана ЕККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында эки өлкө өз ара урматтоо, ишеним жана пайдалуу өнөктөштүккө негизделген кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин ырастап, кийинки консультацияларды Бишкекте өткөрүүнү макулдашты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар