whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.12.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФилиппинди кайрадан кубаттуу “Фунг-Вонг” супертайфуну урду

Филиппинди кайрадан кубаттуу “Фунг-Вонг” супертайфуну урду

Буга чейин эле “Калмаэги” тайфунунан 200дөн ашык адам каза болгон Филиппин аралдарына жуманын ичинде экинчи ирет абдан катуу бороон сокту.

“Фунг-Вонг” шамалынын ылдамдыгы 185 км/саат, ал эми порыктары 230 км/саатка чейин жетип, быйылкы жылдагы эң күчтүү супертайфун болуп эсептелүүдө.

Өлкө президенти Фердинанд Маркос-младший өзгөчө кырдаал жарыялады. 1 миллионго жакын адам эвакуацияланды, бир катар провинцияларда жарык өчүрүлүп, мектептер жана порттор жабылды.

Коргоо министри Гилберто Теодоро жарандарды кооптуу аймактардан тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Филиппин жыл сайын 20га жакын тайфунга туш болот. Бирок “Фунг-Вонг” алардын ичинен эң кыйратуучусу болуп калды.

Гезит

Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын "демократия аралы" деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар