Бишкекте «Корея — Борбор Азия экономикалык кызматташтык аянтчасы 2025» бизнес-форуму өтөт

2025-жылдын 4–5-декабрында Бишкектеги “Шератон” мейманканасында “Корея жана Борбор Азиянын экономикалык кызматташтык аянтчасы 2025” аттуу ири бизнес-форум уюштурулат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Иш-чара Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп, анда Кореянын Кыргызстандагы элчиси, ТИМ жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан рынокторуна экспортту кеңейтүүнү көздөгөн корей компаниялары, дистрибьюторлор жана логистикалык операторлор катышат.

Форумдун максаты — чакан жана орто ишкерлер үчүн экспорт жана сатуу каналдарын кеңейтүү, сертификация жана логистика боюнча маалымат берүү, ошондой эле корей-кыргыз экономикалык өнөктөштүгүн чыңдоо.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү ишкерлер корей компаниялары менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрү менен да жолугуша алышат.

Ошондой эле 5-декабрда саат 10:00дө “Дордой Плаза” соода борборунун 2-кабатында керектөөчү товарлардын Корея — Борбор Азия биргелешкен промо-көргөзмөсү өтөт. Иш-чарада корей товарлары элге сунушталып, үлгүлөрдү сатып алууга жана өндүрүүчүлөр менен түз байланышууга мүмкүнчүлүк болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз