Израилдин премьер-министри Нетаньяху коррупциялык иштер боюнча президенттен ырайым сурады

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху көп жылдан бери сотто каралып келаткан коррупциялык иштер боюнча өлкө президенти Ицхак Герцогго расмий түрдө ырайым сурады. Бул тууралуу премьер-министрдин кеңсеси тастыктады.

Маалыматка караганда, Нетаньяху президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнө бир беттен турган расмий кат жолдогон. Анда ал өзүнө коюлган айыптарды моюнуна албайт, ошондой эле кечирим сурабайт, бирок уланып жаткан сот процесси коомчулукта күчөгөн чыңалууга түрткү болуп жатканын жана «коомдук-этикалык жоопкерчилик» бар экенин белгилеген.

Президент Ицхак Герцог Нетаньяхунун өтүнүчүн « кылдат жана дыкат» кароо ниетин билдирди.

Президенттик канцелярия бул өтүнүчтү «өтө өзгөчө» жана «салмактуу кесепеттери бар» кадам катары сыпаттады.

Бул чечим Израилде чоң коомдук резонанс жаратып, көптөн берки саясий жана юридикалык кризистин жаңы баскычына айланды. Оппозиция өкүлдөрү премьер-министрдин бул кадамын мыйзам үстөмдүгүнө сокку деп баалап, соттук процесстен качуу аракети катары сынга алышууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз