Башкы беткеМаанилүүШайлоо–2025: Бүгүн парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Шайлоо–2025: Бүгүн парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосуна карата үгүт өнөктүгү расмий түрдө башталды.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгондуктан, шайлоо процессинин жалпы мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды. Үгүт иштери 10–29-ноябрь күндөрү, саат 8:00гө чейин жүргүзүлөт.

БШКнын маалыматына караганда, депутаттыкка 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276сы эркек, 191и аял талапкерлер. Эң көп талапкер — №19 округдан (25 адам), ал эми эң аз талапкер — №11 округдан (5 адам) катталды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосу 30-ноябрда өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат, жалпысынан 30 округдан 90 депутат шайланып келет.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар