“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу: курулуш иштери активдүү жүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчиси Эрлист Акунбеков “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги жана Кыргыз темир жолу ишканасынын өкүлдөрү катышты. Тараптар долбоордун учурдагы жүрүшүн жана алдыдагы иштерди талкуулашты.

Маалыматка ылайык, учурда темир жол курулушу боюнча негизги долбоордук документтер даярдалып, техникалык чиймелер такталып, тиешелүү макулдашуулар жүргүзүлүүдө. Курулуш аянттарында ири масштабдагы иштер башталып, 5 миңден ашуун жумушчу жана 5,6 миңден көп техника тартылган.

Негизги иштер тоннелдерди казууга, жер казуу иштерине жана көпүрөлөрдү курууга багытталууда. Бүгүнкү күнгө чейин 3,5 миллион куб метрден ашык жер иштери аткарылганы белгиленди.

Жолугушууда министр Эрлист Акунбеков долбоорду ишке ашырууда коопсуздук жана экологиялык талаптарды так сактоо зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи. Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан долбоорду ишке ашырууда бардык зарыл колдоо жана координация камсыздалары айтылды.

Бул ири инфраструктуралык долбоор аймактык транспорттук байланыштарды чыңдап, Кыргызстан үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө чоң салым кошору күтүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз