Аль-Жазира телеканалы Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка таянып билдиргендей, АКШ менен Израиль жүргүзгөн чабуулдардын натыйжасында Иран аймагында кеминде 1 500 адам каза болду.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын саны 18 551 адамга жеткен. Бул көрсөткүчтөр шейшемби күнгө карата актуалдуу экени белгиленет.
Аталган маалымат расмий булактарга негизделгени менен, уланып жаткан кагылышуулардын шартында бул санды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо кыйын болууда.


