Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров АКШда өтө турган “Борбор Азия – АКШ” саммитине катышат

Садыр Жапаров АКШда өтө турган “Борбор Азия – АКШ” саммитине катышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында өтө турган “Борбор Азия – АКШ” (C5+1) саммитине катышат. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына президенттин басма катчысы Аскат Алагөзов билдирген.

«Президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алды. Президенттин администрациясы мамлекет башчысынын АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деди Алагөзов.

Маалыматка ылайык, саммит 6-ноябрда Вашингтондо өтөт. Жолугушууга АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери катышып, аймактык коопсуздук, соода-экономикалык кызматташтык жана климаттык туруктуулук боюнча маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар