whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеИлимий изилдөөӨзбек окумуштуулары калктын ДНКсында ондогон жаңы мутацияларды аныкташты

Өзбек окумуштуулары калктын ДНКсында ондогон жаңы мутацияларды аныкташты

Өзбекстандык окумуштуулар калктын ДНКсын изилдөө учурунда ондогон жаңы генетикалык мутацияларды аныкташты. Бул көрүнүш айрым аймактарда тууган адамдардын ортосундагы никелердин үлүшү жогору болушу менен түшүндүрүлүүдө, деп билдирди Daryo.uz.

Изилдөө Өнүккөн технологиялар борбору тарабынан жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында анализге катышкан ар бир экинчи баладан генетикалык мутациялар, ал эми 86 пайызынан кеминде бир бузулган же өзгөргөн ген табылган. Бул көрсөткүч дүйнөлүк орточо деңгээлден кыйла жогору экени белгиленет.

Борбордун директору жана “Өзбекстандын 1000 геному” долбоорунун жетекчиси, профессор Шахло Турдикулова изилдөөнүн жыйынтыктары өлкө калкынын генетикалык абалын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берерин айтты.

«Бул маалыматтар келечекте мурастык оорулардын алдын алуу жана дарылоо ыкмаларын жакшыртууга, ошондой эле персоналдык медицинаны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деди ал.

Окумуштуу ошондой эле никеге чейин генетикалык текшерүү жана профилактикалык программаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Өзбекстандын 1000 геному” долбоору калктын генетикалык картасын түзүү жана улуттук биобанк калыптандырууну көздөйт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар