Иран ТИМ башчысы МАГАТЭ жетекчиси менен жолукту

0
1929

Аббас Аракчи Швейцарияда МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси менен жолугушту. Сүйлөшүү Иран менен АКШнын ядролук программасына байланыштуу жогорку деңгээлдеги кезектеги сүйлөшүүлөрүнүн алдында өттү.

Иран Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тараптар техникалык маселелерди жана Тегерандын агенттик менен кызматташуусун талкуулашкан. Ошондой эле иран-америка ядролук диалогу да сөз болгон.

Иран өткөн жылдын июнь айында АКШ жана Израиль анын ядролук объектилерине сокку ургандан кийин МАГАТЭнин текшерүүлөрүн токтоткон. Азыркы учурда Тегеран сүйлөшүүлөргө карата ийкемдүү позицияны карманып жатканы айтылууда.

Иран менен АКШ өкүлдөрү Женева шаарында сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрүүнү пландаштырууда. Алгачкы жолугушуу 6-февралда өтүп, тараптар диалогду улантууга макулдашкан.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Жакынкы Чыгышка экинчи авианосец жөнөтөрүн билдирген. Ал эми Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгында аскердик машыгууларды баштаганы кабарланды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иран менен келишимге жетишүү оңой эместигин белгилеп, ошол эле учурда дипломатиялык жол менен макулдашууга мүмкүнчүлүк болсо, Вашингтон ага ачык экенин айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз