whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Байыркы бабалардын изи менен”

“Байыркы бабалардын изи менен”

Жакында “Байыркы бабалардын изи менен” деп аталган даректүү тасма тартылат. Анда кыргыз – түрк элдеринин ортосундагы бир туугандык, достук мамилелер тарыхый окуялар аркылуу чагылдырылат. Сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев жазган. Режиссеру Мырзабек Айдаралиев. Тартуу иштери 25-майда Бишкекте башталып, кийин Түркияда уланмакчы.

Асан Ормушевдин айтымында, тасмада Түркиянын Изник шаарындагы Орхан Гази тарабынан тургузулган кыргыз күмбөзү эмне себептен кыргыз порту, кийинчерээк кыргыз айылы деп аталып калышы жөнүндө сөз болот. Ошондой эле, кыргыз аалымы Махмуд Кашкаринин “Диван лугат ат-түрк” кол жазмасынын Стамбул шаарынын китеп базарынан табылганы, ал түрк илимпоздору тарабынан басылып чыгып, бүт дүйнөгө белгилүү болгону камтылат.

“Сценарийди тарыхый окуяларга, архивде сакталган документтерге таянып жаздык. Мисалы, Шабдан баатырдын жардам катары Меккеге салынчу жолго деп 2 миң рубль бергени бүгүнкү күндө Стамбулдун архивдеринде сакталган экен. Ошондой эле, кыргыз алиппесин жазган, “Эркин Тоо” гезитин чыгарган мамлекеттик ишмер Эшеналы Арабаевдин Стамбул шаарында окуп, билим алганы тарыхый документтер аркылуу тастыкталды. Бул окуялар жеринен чагылдырылат. Совет өкмөтүнө каршы чыккан адамдардын Түркияга барып түнөк таап жашап калышы, алардын ата-теги, кийинки тагдыры тууралуу кызыктуу баяндоолор болот. Соңунда Кыргыз Республикасынын эгемендик алган мезгилден берки кыргыз-түрк дипломатиялык кызматташтыгы кеңири баяндалат”, – дейт А.Ормушев.

Тасманы тартуу идеясы Кыдыков Мойдунга таандык. Ал алгач Изниктеги салгылашуудагы кыргыз жоокерлеринин эрдигин даңазалаган көркөм тасма тартууну сунуштаган. Бирок, чыгармачыл топ алгач документалдуу тасма жаратууну эп көргөн. Кийинчерээк буга байланыштуу жаңы маалыматтар табылса, көркөм фильмдин сценарийин жазууга мүмкүнчүлүк жаралат.

“Келечекте эки элдин бир туугандык, достук мамилелери жөнүндө өтө кызыктуу тарыхый документалдык, көркөм тасмаларды тартууга болот. Мисалы, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, лицейлер билим берүү боюнча, чыгармачыл адамдар маданий багыттагы сценарийлерди даярдаса болот. Мындан сырткары, Түркиядагы биздин жеке ишкерлерибиз тууралуу, түрк жигиттерине турмушка чыгып ошол жактан бактысын тапкан кыздарыбыз тууралуу, дегеле эки улуттун ортосуна көпүрө болуп, кыргыз-түрк достугун даңазалап жаткан мекендештерибиз тууралуу тасма тартсак болот”, – деди А.Ормушев.

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Түркия менен Кыргызстандын ортосунда аудиовизиуалдык продукция-ларды өндүрүү боюнча келишимге кол коюлуп, ага ылайык эки өлкө биргелешкен кино жана сериалдарды тартууга киришкен. “Байыркы бабалардын изи менен” фильми кыргыз-түрк эли биргеликте тарткан алгачкы тасма болот. Алгачкы эмгек ак жолтой болуп байыртадан бери уланып келаткан достук мамилелердин мындан ары дагы бекемделишине салым кошот деген ишенич бар.

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар