Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө үндөдү. Ведомство маалымдагандай, бул ыкма түшүмдүүлүктү жогорулатып, дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, күздүк буудайдын бир нече маанилүү артыкчылыктары бар:
Жогорку түшүм — жаздык буудайга салыштырмалуу 20%га чейин көп түшүм берет;
Эрте бышат — талаа эрте бошоп, дыйкандар экинчи түшүм алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот;
Кургакчылыкка туруктуу — күзүндө топуракта ным көп болуп, үрөн терең тамырлап өсөт;
Отоо чөптөр аз — күзгү эгиндер азыраак чөп өскөн шартта жакшы өнүгөт;
Жаздагы жумуш жүгү азаят — күзүндө себилген буудай дыйкандарга жаз айларында башка иштерди өз убагында жүргүзүүгө шарт түзөт.
Министрлик белгилегендей, күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу пайдалануунун жана туруктуу кирешеге жетүүнүн ишенимдүү жолу болуп саналат.

