Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана билим берүү процессин санариптештирүү максатында жаңы “Ustat” онлайн-платформасы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик технологиялар институтунун директору Жибек Бектенова билдирди.
Анын айтымында, платформа Ulut Soft.kg компаниясы тарабынан Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен иштелип чыккан.
“Билим берүүнүн санариптешүүсү – бул учурдун талабы. ‘Ustat’ ар бир мугалимге квалификациясын онлайн форматта жогорулатып, заман талабына ылайык билим алууга шарт түзөт”, – деди Бектенова.
Платформа мугалимдер үчүн заманбап окуу курстарын, видео-лекцияларды, практикалык тапшырмаларды жана тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт. Ар бир колдонуучу жеке кабинети аркылуу окуу процессиндеги жетишкендиктерин көзөмөлдөп, электрондук сертификаттарды ала алат.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Алмазбек Токтомаметовдун маалыматы боюнча, учурда “Ustat” платформасында 9 миңден ашуун мугалим катталган. Алар билим алуу процессин баштап, жаңы үлгүдөгү электрондук сертификаттарды алышууда.

