whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАнкарада кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды

Анкарада кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Айше Беррис Экинжи менен 6-мартта жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттердин жана жолугушуулардын графиги каралды. Биргелешкен иш-чаралардын пландары, анын ичинде Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында талкууланды.

Элчи Казакбаев менен Тышкы иштер министринин орун басары Айше Беррис Экинжи ошондой эле билим берүү, медицина жана өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү жаатындагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында кызматташууну мындан ары чыңдоо маселелери, анын ичинде Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги талкууланды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар