АКШда катуу кардан улам, бир учурда 100дөн ашуун унаа кырсыктады

АКШнын Мичиган штатында 19-январь, дүйшөмбү күнү масштабдуу жол кырсыгы катталды. Катуу кар жааганынан улам 100дөн ашуун унаа кагышып же автомагистралдан чыгып кеткенин Associated Press агенттиги билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кырсыктан көптөгөн адамдар жабыркаган. Бирок каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Унаалардын массалык топтолушунан улам штаттык полиция межштаттык автомагистралдын эки багытын тең убактылуу жапты. Окуя болгон жерде куткаруу кызматтары иштеп, жолду тазалоо жана 30дан ашуун жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унааларды эвакуациялоо иштерин жүргүзүштү.

Бул жол кырсыгы өлкөнүн бир катар аймактарын каптаган күчтүү кышкы бороондун кесепетинен болду. АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы түндүк Миннесотадан тартып Висконсин, Индиана, Огайо, Пенсильвания жана Нью-Йорк штаттарына чейин кооптуу аба ырайы тууралуу эскертүү жарыялады.

Адистердин айтымында, катуу кар жаашы жана жолдордун тайгак болушу аймакта көптөгөн жол кырсыктарына алып келип, айдоочулардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Метеорологдор бороон өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарын көздөй жылышын улантарын билдирип, айдоочуларды мүмкүн болушунча жолго чыкпоого чакырышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз