УКМК төрагасы К.Ташиев Оштогу жергиликтүү бийлик менен болгон жыйында акимдерге «Жогорку Кеңештин депутаттарына кадр маселесине кийлигишүүсүнө жол бербегиле деп эскертүү берди.
УКМК төрагасы Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кадр маселесине кийлигишкени боюнча маалымат бар экенин айткан.
«Кээ бир эл өкүлдөрү аймактарда «муну кой, тигини ал» деп кадр, финансы маселесине кийлигишип алышкан. Ушул маселелерге кийлигиштирбегиле! Дагы кайталана турган болсо, мыйзам чегинде чечимдерди кабыл алабыз«, — деген Ташиев.
Ал такталган маалыматтар боюнча, Ноокатта депутат Надира Нарматова дайыма кадр маселесине кийлигишерин айтып, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Тажибаева анын курбусу экенин белгилеген. Кадр маселесине кийлигишкендердин катарында Бакытбек Марипов, Уланбек Примов, Таалайбек Сарыбашев, Улугбек Ормоновдордун аты аталган.
«Урматтуу депутаттар, жергиликтүү бийлик органдарына барып, «муну кой, тигини кой» дегенди токтоткула жана унуткула. Буга биз жол бербейбиз. Акимдин ишиби, аким чечет«, — деген УКМК төрагасы Ош шаарында өткөн жыйында.