Зеленский Ак үйдөгү уруш-талаштан кийин Трамптан кечирим суроого аракет кылып, Украина сүйлөшүүнү мүмкүн болушунча эртерээк баштоого макул экенин билдирди.
Украина башчысы Трамп жана Вэнс менен жума күнү уруша кеткенине өкүнүп жатканын айтып, бирок кечирим сураган эмес.
«Вашингтондо Ак үйдөгү жолугушуубуз биз күткөндөй болбой калды. Өкүнүчтүү. Анын баарын оңдоого убакыт келди. Биз кызматташууну жана байланышты конструктивдүү кылгыбыз келет«, — деп жазган ал соцтармакка.
Зеленский чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн мүмкүн болушунча эртерээк сүйлөшүүгө Украина даяр экенин билдирген.
Өткөн жумада Зеленский Ак үйдө АКШнын президенти жана вице-президенти менен жолугуп, талашып-тартышып, сапарынын аягына чыкпай кетүүгө аргасыз болгон. Кечээ АКШ Украинага аскердик жардамын токтотконун жар салды.