Президент Садыр Жапаров “Мурас” турак жай комплексинде 1080 батирдин ачкычын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 12-январда Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексин куруунун экинчи этабынын алкагында 1080 ипотекалык батирдин ачкычын тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысы жарандарды жаңы конушу менен куттуктап, калкты турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин белгиледи. “Мурас” комплекси жалпы 39 блоктон турат, анын 19у бүткөрүлгөн. Буга чейин 986 батир берилсе, учурда дагы 2688 батирдин курулушу жигердүү жүрүп жатат.

Президент Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнө токтолуп, 2025-жылы 4 662 үй-бүлө турак жайлуу болгонун, ал эми компания түзүлгөндөн бери 14 945 үй-бүлө батир алганын айтты. Учурда өлкө боюнча 80 миңден ашуун ипотекалык батир курулууда.

Ошондой эле Садыр Жапаров ипотекалык батирлер алдын ала төлөмсүз, 25 жылга 4 жана 8 пайыздык чен менен берилерин белгилеп, бул шарттар жарандар үчүн эң жеткиликтүү экенин баса көрсөттү. Анын айтымында, МИК келечекте өз алдынча каржылоого өтүп, өлкө калкын узак мөөнөттүү негизде турак жай менен камсыздоону улантат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз