Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыДүйнөдөгү эң узун асма көпүрө курулат

Дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө курулат

Италиянын Мессина кысыгында дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө курулат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Көпүрө Жер Ортолук деңизинин сейсмикалык кооптуу аймактарынын биринде курулуп, күчтүү жер титирөөлөргө туруштук бере алат.

Маалыматтарга ылайык, соңку жылдары Италиянын бийлиги долбоорду ишке ашырууга бир нече жолу аракет кылышып, бирок экологиялык зыян, коопсуздук же мүмкүн болгон мафиянын кийлигишүүсү тууралуу кооптонуулардан улам ишке ашпай келген.

Акыркы долбоордо Мессина кысыгынан өтүүчү көпүрөнүн узундугу 3,3 чакырымды түзөт, авто жана темир жол кыймылын да өткөрөт. Долбоордун наркы — 13,5 миллиард евро.

Курулушту 7-8 жылда бүтүрүү пландалууда. Долбоор 120 миң жумуш орундарын түзүү аркылуу Италиянын эң жакыр аймактары болгон Сицилия жана Калабрия үчүн экономикалык өсүштү камсыз кылары айтылат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар