whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
0.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары"Трамп Путин менен да, Зеленский менен да жолугушууга ачык”

«Трамп Путин менен да, Зеленский менен да жолугушууга ачык”

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин жана украин лидери Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Каролайн Ливитт маалымдады.

“Орусия тарап Трамп менен жолугушуу каалоосун билдирди, президент Трамп Путин менен да, Зеленский менен да жолугушууга ачык”, — деп айткан ал билдирүүсүндө.

Ошондой эле Fox News телеканалы шаршембиде Москвага келген АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффко Путин Трамп менен жолугушуу каалоосун билдиргенин жазды.

Трамп Ак үйдөгү брифингде “жолугушуу жакынкы убакта болушуна жакшы мүмкүнчүлүк бар экенин” белгиледи.

Мындан тышкары,  АКШнын президенти Украинадагы согуштун аяктоо мөөнөтү боюнча божомол да айтпай турганын, бул маселеде бир нече жолу көңүлү калганын кошумчалады.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар