Башкы беткеСаясат жана коомКоомКоопсуздук кеңешинин катчысы АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коопсуздук кеңешинин катчысы АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов АКШнын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери, терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү коркунучтары талкууланды.

Мындан тышкары, АКШнын жаңы миграциялык саясаты темасы өзүнчө козголду.

Жолугушуунун соңунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери кыргыз-америка мамилелеринин эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы оң багытта өнүгөрүнө ишеним билдиришти.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар