18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.
Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров өлкөдөгү жаңыланууларга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолду.
«Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоо, салык жыйымдарын арттыруу, шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана башка коомдук-саясий турмушубузга түздөн-түз таасирин тийгизе турган мыйзам долбоорлорун кабыл алып бердиңиздер. Булар эми сиздер жасап жаткан алгылыктуу иштериңиздердин аз гана бөлүгү. Элдин кызыкчылыгына туура келген мындай мыйзамдарды айта берсек абдан көп», — деди өлкө башчысы.
Ошондой эле Садыр Жапаров кыргыз парламенти жаңы Кыргызстанды куруудагы салымын белгиледи.
«Мыйзам чыгаруу бийлигинин бардык өкүлдөрүнө, төрага Нурланбек Тургунбек уулу башында турган Жогорку Кеңештин депутаттарына жана ар дайым аркада бел-күч болуп келе жаткан парламенттин Аппаратынын кызматкерлерине тилектердин ишке ашуусуна кош-колдоп салым кошуп, эриш-аркак иштеп жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем», — деди мамлекет башчысы.
Тактап кетсек, ант бергендер:
саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев;
курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;
маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;
санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;
агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;
илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;
коргоо министри Руслан Мукамбетов.