whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖогорку Кеңеш бир катар мыйзамдарды III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш бир катар мыйзамдарды III окууда кабыл алды

18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Алардын ичинде майыптыгы бар адамдардын укуктары, жарандык процесстер жана маалымат коопсуздугу боюнча мыйзамдар бар.

Парламент маалымдагандай, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору колдоо тапты. Бул документ Бириккен Улуттар Уюмунун 2019-жылдын 13-мартында ратификацияланган Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын ченемдерин ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам долбоору «майыптыгы бар адам» жана «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам» деген түшүнүктөрдү өзүнчө колдонуу менен катар жаңы терминдерди да киргизет. Анын ичинде: абилитация, эрте аныктоо жана кийлигишүү, универсалдуу дизайн, социалдык реабилитация, атайын жумуш орундары, техникалык жардамдар жана майыптыгы бар адамдарды уюштуруу сыяктуу түшүнүктөр бар.

Ошондой эле депутаттар «Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алышты. Аны Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген. Документ аксакалдар сотунун чечимдерине даттануу жол-жобосундагы мыйзамдык боштуктарды жоюуга багытталган.

Мындан тышкары, «КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул долбоорду парламенттик комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырып, ал маалымат коопсуздугун жана жарандардын объективдүү, так маалыматка жетүү укугун камсыз кылууга багытталганын белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар