Башкы беткеМаанилүү“Е-Дипломат” деген жаңы мамлекеттик мекеме түзүлдү

“Е-Дипломат” деген жаңы мамлекеттик мекеме түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Е-Дипломат” деген жаңы мамлекеттик мекемени түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Токтомго ылайык, “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси тууралуу Жобо жана анын чектелген штаттык саны бекитилди.

Жаңы түзүлгөн мекеме Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүнө уюштуруу-техникалык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле ал өлкөнүн санариптик инфраструктурасынын жана маалыматтык системаларынын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар