Маек төрүбүздүн бүгүнкү коногу – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиева. Ал жашоосундагы эң урунттуу, эң маанилүү учурлары, турмуштан алган сабактары, ийгиликке жетүүнүн сырлары тууралуу бөлүштү.
– Асель эже, дээрлик 30 жылдан бери сахнада жүрөсүз. Чыгармачылык жолуңуздагы кайсы жылдар же кайсы учурлар сиз үчүн абдан маанилүү болду?
– Мен үчүн эл алдына чыккан ар бир күнүм, аткарган ар бир ырым маанилүү. Чыгармаларым элдин жүрөгүнө жетип, колдоосуна ээ болгон сайын эргүү алам. Ал эми жеке турмушумдагы эң маанилүү учур деп кызым төрөлгөн күндү эсептейм. Бегайымды кучагыма алганда мага канат бүткөндөй болгон. Эне статусуна ээ болдум деп башкача бактылуу болгом. Кызым азыр да жашоомдун маңызы. Негизинен алганда тирүүлүктүн өзү майрам дегендей, бул жашоодо жашап жатканыбыздын өзү маанилүү.
– Карьераңызда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
– Жашоо, турмуш бизди чыйралтып, курчутуп, кандай гана кыйынчылык болбосун жеңип өткөндү үйрөтөт экен. Себеби, ак менен кара, жамандык менен жакшылык дайыма бир жүрөт экен. Башыма кандай гана сыноо келбесин, ушул күндү көрсөтүп жатканыңа да шүгүр дейм. Албетте, кээде аябай капаланып-туталанган күндөр болот. Кудайга шүгүр, андайда бир туугандарым, жакындарым, досторум жанымда болуп, дем-күч берип, жөлөп-таяп турушат. Атам: “Жыгылып кетсең ордуңан тур дагы, кийимиңдеги чаңды күбүп, алдыга карай басып кет”,– деп айтчу. Анын сыңары, канчалык чалынып, жыгылып мүдүрүлгөн сайын сабак алып, алдыга умтулуп
келатабыз.
– Ийгиликтерге жетүү үчүн адамга кандай сапаттар керек деп ойлойсуз?
– Биринчи кезекте бекем ден соолук керек. Анткени, ден соолук адамдагы эң чоң байлык. Ал эми максаттарга кол жеткизип, ийгиликтерди багындыруу үчүн чыдамдуу, кечиримдүү, мээнеткеч, кең пейил болуш керек. Кесибиңди чын дилден сүйсөң, тынымсыз аракетте болсоң, бардык ишти жүрөгүң менен берилип жасасаң ийгиликтер өзү эле болуп турат.
– Сизди күчтүү айым катары билебиз, сизди эмне күчтүү кылды?
– Мени ата-энем, айрыкча чоң энем кичинемен: “Сен тектүү үй-бүлөнүн кызысың, сен эч качан башыңды ылдый салбашың керек, күчтүү болушуң керек. Майда-барат нерсеге капаланба, капа болсоң дагы ары карап ыйлап, бери карап күлүп, башыңды көтөрүп басып кет. Сен кыйынсың, колуңдан баары келет”, – деп тарбиялаган. Ушунун таасириби айтор, кичине кезимде эле өтө тың, өжөр болдум. Кийин жашоо өзү курчутуп, күчтүү кылып койду. Азыркы заманда өзүңө өзүң тың, күчтүү болбосоң максатыңа жетүү кыйын.
– Асель Турдалиеваны эмне кубантат?
– Байкасаңыздар акыркы кездерде убакыт ушундай зымырап бат өтүп жатат. Баарыбыз эле шашып жүргөн болобуз. Бири-бирибиз менен жай отуруп сүйлөшкөнгө убактыбыз табылбайт. Мени туугандарым, дос тамырым, куда сөөгүм менен жолугушуп чай үстүндө баарлашканыбыз кубандырат, жан дүйнөмө тынч-тык орнотот. Ал эми адамдардын бири-бирине болгон, айрыкча мырзалардын айымдарга болгон терс мамилеси мени өкүндүрөт. Жөнөкөй эле мисал, көчөдө автоунаа айдап бара жатсаң, айымдарга карата катуу айткан, керек болсо сөккөн учурларга күбө болуп калам. Айрым учурларда айымдардын да аша чаап кеткен кездери болот. Андайда “Кыз кыздай, кыш кыштай болсо” деген сөздү эстейм. Ар бир адамга ыйман каалайт
элем.
– “Сүйүү сүйүү”, “Жаз жамгыры” деген ырларыңыз сиздин визиттик карточкаңыз деп эсептейбиз, а сиз өзүңүз кандай
ойлойсуз?
– “Жаз жамгырын” мен өзүм да визиттик карточкам деп эсептейм али күнгө чейин. Мен үчүн ак жолтой ыр болгон. Бул ырдын тахти-тах деген саптары мени Асел Турдалиева кылган. Эсимде, 1992-жылы 31-декабрда КТРде жаңы жылдык концертке ырдап чыккам. Ошо күндүн эртеси мени эл тааный баштаган. Өзүмдү жылдыз сезип, асманда учуп калгам (күлүп).
– Жан дүйнөгө азык берчү кайсы китептерди же кайсы тасмаларды сунуштай аласыз күйөрмандарыңызга?
– Көп китептерди окуйм, бирок, ошолордун ичинен кайталап окуган китептеримдин бири –Маргарет Митчеллдин «Унесённые ветром» деген романы. Бул чыгармадагы башкы каарман Скарлеттин кадамдары мага эргүү берет, мени күчтөндүрөт. Кандайдыр бир ситуацияга түшүп калганда, кайталап окугандан тажабайм. Акыркы убактарда психологияга көбүрөөк кызыгып, ушул багыттагы китептерди окуп жүрөм. Ольга Примаченко деген психологдун “К себе нежно” деген китебин окуп жатам. Айымдардын бардыгына сунуштамакмын. Ал эми кино тасмалардан “Жамийла” менен “Ак кемени” көргөндөн эч тажабайм.
– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
– 9-апрелде Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Асел Турдалиева жана “Келиндер козголоңу” деп аталган эки бөлүктөн турган отчеттук концертимди берген жатам. Биринчи бөлүктө 33 жылдан бери ырдап келе жаткан хит ырларымдын арасынан тандалган ырларымды жандуу үн, жандуу музыка менен ырдайм. Жаңы чыгармалар да болот. Экинчи бөлүктө “Келиндер козголоңун” жаңы форматта тартуулайбыз. Эркин Эгембердиев азыркы замандын талабына шайкеш кылып жаңы сценарий жазып берди. Учурда концертке келген күйөрмандардын черин жазып, кубантуу үчүн кызуу даярданып жатабыз.
– “Кыргыз Туусу” гезитинин чыгармачылыгыңыздагы орду?
– 1 кылымдык тарыхы бар “Кыргыз Туусу” гезити менен тагдырлаш болгонума сыймыктанам. Ойлоп көрсөм, сиздердин басылма менен 1993-жылдан бери тыгыз байланышта болуптурбуз. Тагыраак айтканда, 100 жылдын 30 жылын чогуу жашап, чогуу өткөрүптүрбүз. Бул жылдары “Кыргыз Туусу” гезити мага ар дайым маалыматтык колдоо көрсөтүп, жакшылыгымдын жарчысы болдуңуздар! Мен жалпы жамаатыңыздарга ыраазычылык билдирем жана албан ийгиликтерди каалайм.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”