Башкы беткеСаясат жана коомКоомБир нече автобусттук каттамдардын кыймылы өзгөрөт

Бир нече автобусттук каттамдардын кыймылы өзгөрөт

Бишкекте бүгүн жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу Бишкектин Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылганы маалымдалды.

Иштер 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлүп, айрым автобус жана кичи маршруттук каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт.

Алсак, №7, №34 жана №102 автобус каттамдарынын багыты убактылуу өзгөртүлүп, Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүүдө.

Ошондой эле №133, №161, №173, №200, №211, №218 жана №290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар