whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекКудайберген БАЗАРБАЕВ: “Бүгүнкү күндө эч ким административдик-аймактык  реформанын ийгиликтүү ишке ашканын тана...

Кудайберген БАЗАРБАЕВ: “Бүгүнкү күндө эч ким административдик-аймактык  реформанын ийгиликтүү ишке ашканын тана албайт”

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев «Кыргыз Туусу» гезитине, административдик-аймактык  реформанын жыйынтыктары, кадрлар резервин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча ой бөлүштү.

– Кудайберген Базарбаевич, сиз жетектеген мамлекеттик агенттикте жылды кандай жыйынтыктадыңыздар? Административдик-аймактык реформа кандай ишке ашты?

– Биз эгермендүүлүккө ээ болгон 34 жылдын ичинде бардык президенттер административдик-аймактык реформа жасагысы келген. Себеби, бул зарыл нерсе болчу. Иштеп жаткан система совет доорунан калган пландуу система болгондуктан, жаңы,  натыйжалуу башкаруу түзүмүн куруу керек эле. Бирок, ар бир президент муну баштоого ниеттенгени менен чечим кабыл алууга келгенде бул иш-чаранын масштабдуу, терең, анан тобокелдүү экенин көрүшүп, улаган эмес.

Президент Садыр Жапаров гана саясий эркин көрсөтүп, ушундай чечимге барды. Анын натыйжасында биз бүгүн админстративдик- аймактык реформанын бардык ийгиликтери менен оң натыйжаларын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Өлкөбүздө административдик — аймактык реформа эмнеден башталды? Биз анын дурус-буруштарын эске алып, бул иштин өзгөчөлүктөрүн пилоттук негизде адегенде Түптөн, райондук деңгээлден баштадык. Бул райондо реформа ийгиликтүү ишке ашып, 13 айыл аймагынан бешөө калды. Ошондон улам дароо облустук деңгээлге өттүк.

Облустук деңгээлдеги реформаны Нарын облусунда ишке ашырып, облустун губернатору Алтынбек Эргешов абдан ийгиликтүү иштеди. Бүгүн ал жердеги 63 айыл аймагы 27ге кыскарды. Кеп санда эле эмес, сапатта, эң башкысы, биздин жарандарыбыздын турмуш-шарттарынын өзгөрүшүндө. Облустук деңгээлдеги реформадан кийин гана аны бүт республикада ишке ашырууга чечим кабыл алынды.

Реформанын негизги максаты “Адамга багытталган саясат” деп түшүнсөк болот. Муну менен биз адамдын укуктарын, эркиндигин жана жыргалчылыгын жогору коюп, бардык саясий жана социалдык чечимдерди адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу принциби менен кабыл алуудабыз.

Президентибиз Садыр Жапаров – ААРдин башкы максаты адамдарга кам көрүү  экенин айтты. Башкача айтканда, биздин жарандардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган саясат болду. Бүгүнкү күндө эч ким аймактык-административдик реформанын ийгиликтүү ишке ашканын тана  албайт.

Реформа менен жарандардын социалдык жана экономикалык абалын жакшыр-
тууну, теңдик жана адилеттүүлүк принцибин сактай алдык. Өзүңүздөр көрүп тургандай, ААРдин натыйжасында 452 айыл аймагынан 231 айыл аймагы калды. Дотациядагы начар айыл аймактары күчтүүлөрү менен бириктирилип, ийгиликтерге жетише башташты. Мен бир гана мисал келтирейин. Эң алыста жайгашкан, барууга кыйын болгон Чаткал райо-нундагы Каныш-Кыя айыл өкмөтү бүгүнкү күндө 286 млн. сомдук жылдык бюджетке жетип отурат. Ал эми коңшулаш жайгашкан Терек-Сай айыл өкмөтү 130 млн. сомдук бюджетке жетишти. Ушул эки сан эле биздин айылдардагы турмуш деңгээли бүгүн канчалык өскөнүн көрсөтүп турат.

– Чет мамлекеттерден билим алып келген жаштарга сыноодон өтүүдөн жардамдар берилеби? Негизи эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билимин жогорулатууда кандай иш алып барасыздар? Азыр санариптештирүү мезгил талабы эмеспи, агенттиктин бул багыттагы ишмердүүлүгүнө токтоло кетсеңиз?

– Бүгүнкү күндө, административдик-аймактык реформанын  жыйынтыгы боюнча буга чейин жайлап калган тармактар иштей баштады. Президентибиздин тапшырмасы менен акыркы кездерде биз жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө өткөрдүк.

Мисалы, “Санарип аймак” порталыбызга биз 6 миллионго жакын жарандарыбызды киргиздик.1млн. 340 миң үй чарбасы жөнүндө маалымат бар. Бүгүн биздин жарандар документ алыш үчүн айыл өкмөттөрүнө каттап, кезекте турбастан, керектүү маалыматтардын баарын үйдө отуруп эле ала алышат. Мындан тышкары, ар бир айыл өкмөтүндө муниципалдык ишканалар түзүлүүдө.

Мурда биздин айыл өкмөттөрүбүздө жүк ташуучу машиналар жок болсо, азыр эң керектүү техникалар менен камсыз болду. Бүгүн ар бир айыл өкмөттө  муниципалдык ишканалар түзүлгөн. Ошондой эле ичүүчү суу, сугат суу менен камсыздоо жана
жайыттарды туура пайдалануу маселелери колго алынды.

Мындан тышкары, биздин агенттик кадрлар резерви менен иш алып барат. Жабык болбосун үчүн биз маалымат базасына жарандарды максималдуу түрдө киргизип жатабыз. Бүгүнкү күндө 22 миң 400 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер болсо, биз  «е-Kyzmat»  системасы менен активдүү иштеше баштагандан бери ага бюджеттен айлык алган  башка да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер киргизилди.

Биздин маалымат базабызда 204 миң адам турат. Мындан тышкары, бул системанын ачыктыгынан улам 42 миң биздин жарандарыбыз бул маалымат базасына өздөрү киришти. Ошентип, маалымат базасында тигил же бул кызматка зарылдык болуп калса бул багытка ылайык келген параметрлерди карап көрсө болот.

Биз ошондой эле Японя өлкөсүнүн JICA, Корея өлкөсүнүн KOICA линиясы боюнча окууну бүткөн бүтүрүүчүлөрдү да активдүү эске алабыз. Биз бүгүн Кытай Эл Республикасындагы кыска мөөнөттүү курстар менен да иштешип жатабыз. Мисалы, 2024-жылдын жыйынтыгында план боюнча 50 кызматкер окутулууга  тийиш болсо, факт жүзүндө 580 кызматкер Кытайдан  тездетилген курстардан өтүп келишти.

Мындан сырткары, Россия Федерациясынын президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РАНХиГС) менен келишим түзүлдү. Ал жакка биздин мэрлерибиз окууга барышат. Ал эми Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн башчыларынын 11-саммитинин алкагында Түркия Республикасынын президентине караштуу Адам ресурстарын башкаруу кеңсеси менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлуп райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары окууга барып жатышат.

Узак жылдар бою эмгек китепчеси биздин жарандар үчүн  түйшүк жаратып келген. Себеби, пенсияга чыгышы керек болсо, районго улам бир мекемеге барып, тигил же бул жерде иштегенин, канча айлык акы алганын далилдөөгө туура келген. Ушундай болбосун үчүн биздин агенттик бүгүнкү күндө эмгек китепчелерин санариптештирүүгө киришип, Эмгек жана социалдык камсыздоо, Санариптештирүүнү өнүктүрүү  министрликтери менен бирдикте пилоттук режимде ишти баштадык.

Чет мамлекеттерге жиберип, билим деңгээлиңиздерди жогорулатып келгиле деп окутуп жатабыз. Ошол эле учурда  четтен окуп келген жаштар өз багыты боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы жана ички резервине тура алат. Аларга эч ким жолтоо болбойт!

– Мурда мамлекеттик кызмат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз-өзүнчө түзүм болчу. Бүгүн кандай?

– Эки агенттиктин бириктирилгени  биринчиден, башкаруунун натыйжалуулугун арттырып, бири-бирин кайталаган керексиз түзүмдөрдү жоюуга, мамлекеттик жана муниципалдык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга  шарт түздү. Бизде Президентке караштуу мамлекеттин башкаруу академиясы бар. Анын башкы милдети – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу. Бирок, бюжеттик каржылоодогу кыйынчылыктардан улам ал билим берүү функциясына өтүп келген. Бүгүнкү күндө 108 млн. сом каражат бөлүнүп, окуу жайы кайрадан өзүнүн баштапкы милдетин аткарууга киришти. Жергиликтүү деңгээлдеги мыйзам бузуулардын көбү кара ниеттиктен эмес, мыйзамды билбөөдөн улам жасалаары эч кимге жашыруун эмес.

Ошондуктан, президентибиздин тапшырмасы менен  бүгүнкү күндө биз мамлекеттик башкаруу академиясын кайра курууну аяктап жатабыз. 2025-жылдан бардык муниципалдык кызматкерлерди кайра окутуп, квалификациясын жогорулата баштайбыз. Айыл өкмөттөрдүн, райондук, облустук админстрациялардын деңгээлинде. Анан албетте, министрликтерде жана ведомстволордо иштеген мамлекеттик кызматкерлер да окутулат.

– Кудайберген Базарбаевич, кадрларды ротациялоо жакшы натыйжа берип жатабы? Кадр тандоодо эмнеге басым жасалат? Дегеним, сыноодо билиминеби же тажрыйбасына басым жасалабы?

– Өзүнүн жеке максаттары бар кээ бир кишилерге айыл өкмөттөрүндө өз кишилери иштегени ыңгайлуу. Ошонун кесепетинен тааныш-билиштик, мыйзамсыз мамилелер, коррупциялык көрүнүштөр  пайда болот. Ошондуктан, Президентибиз тарабынан райондордун башчылары ал райондон болбоого тийиш деген принципиалдуу чечим кабыл алынды. Бул айыл өкмөттөрүнө да тиешелүү. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрү ирилешкендигине байланыштуу анын башчылары чоң саясий фигурага айланды.

60-70 миң жарандар жашаган айыл өкмөттөрү бар. Алардын ар бири өз жакындарын, тааныштарын кызматка тарта баштаса кандай болмок? Ошондуктан, айыл башчылары ал айылдан болбошу керек. Албетте, буга  адегенде каршы чыккандар да көп болду. Бирок, бул этаптан толук өттүк. Биз бүгүн айыл өкмөттөрүнүн ишинин сапаты жөнүндө сөз кылып, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын талкуулап  жатабыз. Мен бул өтө маанилүү деп ойлойм.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар