Өткөн жылдын аягында Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттеги айрым жетишкендиктер тууралуу азыноолак маалымат бергенбиз. Бул жолу аталган окуу жайдын ректору, профессор Догдурбек ЧОНТОЕВ кенен маек куруп берди.
– Агай, Улуттук университетти Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын флагманы, башаты деп келебиз. Бирок, акыркы жылдарда окуу жайдын билим берүү сапаты, окутуу стандарттары заман талабына жараша жакшыртылбагандыктан аброю төмөндөп кеткени анык. Келечекте окуу жайды бир кездегидей №1 окуу жай кылууга мүмкүнбү?
– Биздин алдыбызда азыр эки чоң милдет – 100 жылдыктын алкагында Улуттук университетти өнүгүү жолуна түшүрүү жана дүйнөлүк рейтингдерде алдыңкы орунга чыгуу турат. Бул боюнча мага чейин да бир топ аракеттер болгон экен. Былтыр менин бактыма Улуттук университет биринчи жолу 940ка жакын Азия университеттеринин ичинен 381-орунга, Борбор Азия университеттеринин ичинен 25-орунга чыкты. Менимче 2025-жылдын аягына чейин дагы жакшы көрсөткүчтөр болот. Азыр дүйнөлүк рейтингдин жок дегенде миңдигине кирели деп аракет кылып жатабыз. Окуу жайыбызда 3 миң кызматкер, 30 миң студент окугандыктан ага жараша да тиешелүү көрсөткүчтөр болушу керек экен. Ушул жагынан биз дүйнөлүк рейтингге кирүүгө бир-эки критерий боюнча жетише албай жатабыз. Анын бири эл аралык публикациялар. Бул боюнча катуу талаптар бар. Быйыл биздин эл аралык публикацияларыбыз 386га жетти. Эгер жыл аягына чейин аны 500дөн ашырып алсак дүйнөлүк рейтингге кирүүгө биринчи шарт түзүлөт деген үмүтүбүз бар.
– Университет өзгөчө статус алгандан кийин жылдык бюджети 1,5 млрд. сомго жеткенин, 2025-жылы аны 2 млрд. сомго жеткирүү пландалып жатканын айткан элеңиз. Бул каражаттын канчасы мугалимдердин айлык маянасына кетет жана калган каражат эмнелерге жумшалат?
– Былтыркы жылы университеттин бюджети 950 млн. сомдун тегерегинде болгон экен. Быйыл 1,5 млрд. сомдун тегерегинде болот деп пландаштырып жатабыз. Бюджеттин өсүшү эки факторго байланыштуу. Биринчиси, былтыр 4 жылдан берки мораторий алынып салынгандыгына байланыштуу окутуу акысы 30 миң сомдон 45-50 миң сомго чейин көтөрүлдү. Экинчиси, былтыр бизге 11 миңден ашык абитуриент тапшырып, абитуриенттердин жалпы саны боюнча окуу жайыбыз 1-орунга чыкты. Казынабыз көбөйүп, финансылык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Чыгашалар статьясына ылайык жалпы бюджеттин 68-70 пайызга жакыны мугалимдердин, кызматкерлердин маянасына сарпталса, калган 30 пайыз өнүгүүгө жумшалат. 30 жыл ичинде окуу жайда бир дагы жаңы имарат курулбаптыр. 1,5 миллиарддын 10 пайызын өнүгүүгө багыттасак, 3 жылда 450 млн. сомго жаңы жатакана курууга болот.
Бүгүнкү күндө окуу жайда 29 862 студент окуса, анын 2 миңге жетпегени бюджеттик бөлүмдө, калганы келишимдик негизде окушат. Бизде 450гө жакын студент жарым-жартылай жетим, тоголок жетим жана майыптыгы бар балдар. Профсоюздар арасында түзүлгөн 20дай адамдан түзүлгөн комиссия бар. Ошол комиссиянын чечиминин негизинде 450 баланын баарын бекер окута албасак дагы, өтө муктаждарына тиешелүү арзандатууларды, жеңилдиктерди берип жатабыз.
– Журналисттер окуу жайда даараткана маселеси курч экенин, имараттар жедеп эскирип бүткөнүн айткан эле. Өзүңүз дагы имараттар эл аралык окуу стандарттарынын талабына жооп бербей тургандыгын белгилегенсиз. Бул багытта эмне иштер жасалды, келечекке кандай иш пландар бар?
– Окуу жайдын 12 окуу корпусу, 5 жатаканасы бар, жатакананын бири авариялык абалда турат. 12 корпус архитектуралык жактан абдан эскирип, канчалык оңдобойлу заман талабына жооп бербей жатканы чын. Ошол эле даараткана, жылуулук берүү жаатында көйгөйлөр бар. Бир чети көзгө көрүнбөй жаткан нерселерди ачып, чагылдырып берген журналисттерге рахмат. Ошондон кийин окуу жайдын материалдык-техникалык базасын оңдоо боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөн, азыр аны улантып жатабыз. Учурда 5-8-окуу корпустарындагы дааратканалардын баары жаңыртылып, капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Андан сырткары имараттардын тегерегиндеги инфраструктураны жакшыртуу, студенттерге шарт түзүү боюнча бир топ иштер жүрүп жатат. Мен келгенде башкы корпустун артындагы жолдор аң-чөнөк болуп жатчу эле, өзүбүздүн күчүбүз менен бир километр жолду асфальттап, жарыктандырып, скамейкаларды койдук. Былтыр жылдын аягында жалпы 200 компьютер, 100 ноутбук, 100 принтер сатып алып, бардык структураларды, кафедраларды камсыз кылдык. Ошондой эле 6-корпус-тагы чоң спорт аянтчасын 9 млн. сомго капиталдык оңдоодон өткөрүп, жуунуучу, чечинүүчү жайларынан бери жасаттык. 100 жылдыктын алкагында башкы корпустун артына дагы айнектен чакан музей салсакпы деп турабыз. 8-корпустун 4-кабаты азыр оңдолуп жатат. Башкы корпустун эки тарабын студенттер эс ала турган сквер кылып, амфитеатр да коёбуз деген ниеттебиз.
– Университетке республиканын алыскы региондорунан келип окугандар бар. Алардын жатакана маселеси кандай чечилген? Студент бир окуу сезонуна же айына канча төлөйт?
– Төрт жатаканабызда азыр региондордон келген 1200дөй студенттер жашап жатышат. Шарттар ар кандай. Экиден, төрттөн жашоочу, үй-бүлөлүүлөр жашаган жатаканалардын тарифтери ар башка. Бирок, жалпылап айтканда рыноктук шарттарга караганда кыйла арзан. Бир бөлмөлүү жатаканага үй-бүлөлүүлөр айына 15 миң сомдон, а жалпы студенттик жатаканага айына 3-4 миң сомдон төлөшөт. Социалдык аялуу катмардагы студенттерибизге жатакана төлөмүнөн жеңилдиктер да каралган. Негизи жатакана маселесин чечиш үчүн жогоруда айткан авариялык абалдагы 4-жатакананын ордуна 12 кабаттуу жатакана куруп алсак деген ниетибиз бар. Ал курулуп калса дагы 500-600 бала заманбап жатаканаларда жашап, окуп калат. Бүгүнкү күндө бизде 860тай чет өлкөлүк студенттер окуп жатышат. Аларды да биз академиялык мобилдүүлүк шартына ылайык таза, заманбап жатаканалар менен камсыз кылышыбыз керек.
– Улуттук университет студенттердин, мугалимдердин, кызматкерлердин саны боюнча да, бюджети боюнча да айрым райондордон алда канча чоң. Ошол себептен университетте пайдасыз кошумча кызматтар пайда болуп калбайбы?
– Маселе бар. Жаңы жылдан кийин эле биринчи буйрук менен оптимизация боюнча комиссия түзгөнбүз. Эки жумадан бери анын жыйынтыктарын мага берип жатышат. Быйыл жалпы 35 штатты кыскарттык. Бул иш мындан ары да уланат.
– Соңку 30 жылда Улуттук университеттин ректорлору, декандары, кафедра башчылары шайланышчу. Сиз дайындалып келдиңиз. Эми декандарды, кафедра башчыларын дайындайсызбы же шайланабы?
– Жакында эле президенттин колу коюлган жаңы Эмгек Кодексинде декандар, кафедра башчылары шайланышы керек деп жазылыптыр. Демек, биз Эмгек Кодексине баш ийебиз дагы, ошол боюнча иштер жүрөт.
– Университеттин мурдагы проректору Садык Алахан агай өз учурунда толук кандуу иштеген 8 окуу имараты, 10 жатакана жана жаңы курулуп жаткан 2 имарат болгонун, кийин айрым имараттар башка мекемелерге өткөрүлүп кетип, жаңы бийликтин тушунда кайра кайтарыла баштаганын жазды эле. Бүгүнкү күндө университет бардык имараттарына толук ээлик кылабы?
– Жок, бул жөнүндө айтылып эле келатат, бирок, жыйынтык боло элек. Мен дагы жакында УКМКга, Мамлекеттик мүлк фондуна, Президенттик администрацияга чейин бул маселе боюнча кайрылдым. Чынында менин билишимче, 3, 4 объект кайтарылбай турат. Биз студент кезде жаңы салынган 9-10-жатаканалар бар болчу. 90-жылдарда 10-жатакана УТРКга өтүп кеткен. Кийин ал колдон колго өтүп сатылып кетти. Азыр анын сырткы көрүнүшү, тегереги биздин жалпы фонду да бузуп жатат. Правда көчөсүнүн кесилишиндеги «Кыргызпатент» турган 11-жатаканабызды кайтарып беришсе эң сонун болмок. Бул боюнча биздин каттарга азырынча жооп боло элек.
– Быйыл күзүндө Улуттук университеттин 100 жылдык мааракеси болгону турат. Өткөн жылдын аягында сиз бул мааракени мамлекеттик деңгээлде, эл аралык масштабда өткөрүү максатталып жатканын айткан элеңиз. Юбилейлик мааракени масштабдуу белгилөө окуу жайга эмне берет?
– Ооба, 2025-жылы университеттин 100 жылдыгын белгилегени турабыз. Бир кылымдык юбилейди мамлекеттик деңгээлде белгилөө чечими өкмөттүн токтому менен кабыл алынган. Ачыгын айтыш керек, отуз жыл ичинде пайда болгон Бишкектеги ЖОЖдордун бири бизнес, бири коммерция болгон болсо, Улуттук университет мамлекеттин тагдыры менен бирге эволюциялык жолдо өнүгүп келе жаткан окуу жайлардын бири. Албетте, ар бир окуу жайдын өнүккөн, кайра артка кеткен мезгили болот экен. Акыркы он жылдан ашык убакыттын ичинде Улуттук университет тууралуу коомдо ар кандай пикирлер пайда болгону да чын.
Ошону эске алуу менен быйылкы 2025-жылды өнүгүп-өсүүгө багыт алган бурулуш жылы кылалы деп жатабыз. Аны ишке ашырууга азыр илимий-окутуучулук да, финансылык да потенциалыбыз жетиштүү. 100 жылдыктын алкагында окуу жайдын кадыр-баркын, материалдык-техникалык базасын, билим сапатын көтөрүүгө көңүл буруп, 100 чоң монография, окуу куралдарын жана заман талабына жооп бере турган 100 кабинетти даярдайбыз. Анан сөзсүз түрдө жыл ичи илимий-практикалык конференциялар сериясын өткөрүп, 24-октябрь айында эл аралык чоң форум уюштурабыз. Ага ар кайсы мамлекеттерден 600дөй ректор, окумуштуулар, дипломаттар чакырылат. 25-октябрда салтанаттуу жыйынтыктоочу юбилейлик иш-чарабыз болот.
P.S. Маектин видеоверсиясын “Кыргыз Туусунун” You Tube каналынан көрсөңүздөр болот.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”