whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте газ менен иштеген отказандар жасалууда

Бишкекте газ менен иштеген отказандар жасалууда

Бишкекте күз-кыш жылытуу мезгилине карата газ менен иштей турган жаңы муундагы отказандар жеринде жасала баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 5-майда билдирди.

Мэрия маалымдагандай, бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасында курулуп жаткан отказандарды барып көрдү. Учурда кубаттуулугу 5 мегаватт болгон эки газ менен иштөөчү отказан даяр болуп, дагы тогузу күз-кышка чейин жасалмакчы.

Байгазиевдин айтымында, мурда мындай жабдуулар чет өлкөдөн сатып алынып келген болсо, эми алар жогорку сапатта Бишкекте өндүрүлүп жатат.

“Бул Бишкек мэриясы үчүн чоң жетишкендик. Отказандарды буга чейин сырттан сатып алып келсек, эми өзүбүз жасап жатабыз. Газ менен иштеген отказандар экология үчүн коопсуз жана алда канча үнөмдүү”, — деди Байгазиев.

Маалыматка ылайык, 2025-2026-жылдагы жылытуу мезгилинде жалпы 11 даана газ менен иштей турган отказан ишке берилет. Алардын кубаттуулугу 1 МВттан 5 МВтка чейин болот. Бул иш-чара борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу максатын көздөйт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар