Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЭл аралык сот "Талибандын" эки жетекчисин кармоого ордер чыгарды

Эл аралык сот «Талибандын» эки жетекчисин кармоого ордер чыгарды

8-июлда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту «аялдарга кысым көрсөтүп, куугунтукка алып, адамзатка каршы кылмыш кылган» деп айыпталган «Талибан» радикал кыймылынын эки жетекчисин кармоого ордер чыгарды. Алар 2021-жылдан бери Ооганстанда бийликте турган «Талибан» радикал кыймылынын жетектеп келишкен.

Гаага соту «Талибандын» руханий лидери жана де-факто жетекчиси Хайбатулла Ахунзаданы, талибдер негиздеген Жогорку соттун жетекчиси Абдулхаким Хакканини кармоого ордер жарыялады.

Сот эки лидер башында турган талибдер ооган аялдарын «бекитилген эрежелерди бузду» деген шылтоо менен кыз-келинге каршы кылмыш кылган деп саноого негиз бар деп тапкан.

Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Ахунзаданы жана Хакканини кармоого ордер берүү өтүнүчү менен сотко январда кайрылган. 2021-жылы бийликке кайтып келген «Талибан» кыймылы «шариаттын шарттарына туура келбейт» деген жүйө менен кыз-келиндердин укуктарын бузушкан. Укук коргоочулар, тургундар, көпчүлүк учурда талибдер өздөрү аялдарды кыйнаган, абакка салган жана сексуалдык кордук көрсөткөн учурлар тууралуу билдирип келишет.

Ооганстан Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныйт. Бирок эл аралык документти талибдер төрт жыл мурун кулаткан ооган бийлиги ратификациялаган.

«Талибан» өкмөтү азырынча Гаага сотунун соңку чечими тууралуу үн ката элек.

3-июлда Орусия дүйнөдө биринчи болуп талибдердин бийлигин расмий тааныды.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар