whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
18.2 C
Бишкек

Өрттөн сак болгула!

Мезгил өткөн сайын шаарларыбыз кеңейип, ал тургай айылдарыбыз да өсүүдө. Жаңы үйлөргө да,эски үйлөргө да колунан келгендер газ түтүктөрүн киргизип,электр буюмдарынын түрү көбөйгөн сайын электр энергиясы да көбүрөөк колдонулууда.Мунун жакшы жактары көп,бирок терс жактарын да эстей жүргөнүбүз оң.

Газ, светти колдонууда коопсуздук эрежелерин бузган учурда өрт коркунучу туулат.Тажрыйба көрсөткөндөй,элдин көбү коопсуздук эрежелерине көп маани бербейт.Ошондуктан коомдук имараттарга караганда жеке үйлөрдө өрт кырсыгы көп катталат.Анын кесепетинен үйлөр күлгө айланып,ал эми адамдар каза таап же оор күйүк алган учурлар болот.Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн отту пайдаланууда этият болуп( айрыкча тамеки чегүүдө,колго жасалган жылытуучу приборлорду колдонууда),электр зымдарын жана жылытуучу мештерди өз убагында оңдоп түзөп туруңуз.

Өрттү өчүргөнгө караганда анын алдын алуу жеңил.Өз үйүңүзду өрт коркунучунан коопсуз кылуу менен сиз өзүңүздүн жакындарыңыздын өмүрлөрүн жана үй-мүлкүңүздү да коркунучтан алыстатасыз.

Эсиңизде болсун!

-Иштелип жаткан электр приборлорун көзөмөлсүз калтырбаңыз.

-Бузук розетка,вилкаларды колдонбоңуз.

-Газ приборлорун орнотууда,оңдоодо адистерге гана ишениңиз.

-Жылытуу сезону башталаарда мешиңизди текшерип,бузулган жерлерин ондоңуз.

-Эгер өрттү байкап калсаңыз,ошол замат 101 номери аркылуу Өрткө каршы кызматына чалып ,эмне күйүп жатканын,толук дарегин,өзүңүздүн аты-жөнүңүздү жана телефон номериңизди билдириңиз.

-Эгер кимдир бирөөгө коркунуч туулганын байкасаңыз,жакын жердеги кишилерди жардамга чакырыңыз.

Кыргыз элинде илгертеден айтылып келген жакшы макал бар “Сактанам дегенди кудай сактайт” деген ошондуктан бардык жарандарды жакын адамдарын жана үй мүлкүн сактап калууга чакырабыз.

Эскертмени жарыялаган :

Бишкек шаардык Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн     Өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери капитан Мураталы уулу Рысбек.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар