Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алып барды. Ага кеңештин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Кеңештин жүрүшүндө майыптыгы бар балдарды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, майыптыктын алдын алуу чаралары, анын ичинде скрининг ыкмасын жайылтуу маселелери талкууланды. Ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча баяндамалар угулду.
Мындан тышкары 2026–2030-жылдарга карата психо-физикалык өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар адамдарды психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоору сунушталып, талкууга алынды.
Эдил Байсалов өз сөзүндө бул жыйын өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, өзгөчө муктаждыктары бар балдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоо сапатын жогорулатуу мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Ал балдардын өз убагында диагностикадан өтүүсү, сапаттуу жардам алуусу жана коомго толук интеграцияланышы мамлекеттик жоопкерчиликтин маанилүү бөлүгү экенине токтолду.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү сунуштар иштелип чыгып, бул багыттагы мамлекеттик саясатты мындан ары өркүндөтүү боюнча кийинки кадамдар аныкталды.


